Ысык-Көл: Тамчыдагы 70 жер тилке боюнча суроолорго жооп

Ысык-Көл: Тамчыдагы 70 жер тилке боюнча суроолорго жооп

Тамчы айылындагы 70 жер ээсинин атынан демилгечи топ көтөргөн маселе боюнча, тилкелерге укук белгилөөчү документтерди берүү учурунда бир катар мыйзамдар бузулганын билдирет президенттик администрациясынан.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы жер-жерлерде болгон жыйындарда бул жерлердин ээлерине жана пайдалануучуларына мыйзам бузуулар боюнча бир нече жолу түшүндүрмөлөрдү берген.

Ошентип, бул тилкелер арендаторлорго мал чарбасы үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин, ал эми башка максаттарга 5 жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Райондук мамлекеттик администрация ижара келишимдерин түзүү учурунда  Жер кодексинин талаптарына ылайык жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу ыйгарым укуктарга ээ болгон эмес жана бул функциялар  Өкмөттүн компетенциясына кирген.

Ошону менен бирге, Өкмөттүн 1992-жылдын 12-октябрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнү коргоо, рекреациялык, тарыхый-маданий багыттагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө” № 502 жобонун 51-пунктунун талаптары бузулган. Бул Жобого ылайык курорттук зоналарда дарылоо жана эс алуу жайларын куруу үчүн жер участокторун берүү областтык мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 10-мартында Мыйзам бузууларды четтетүү боюнча Ысык-Көл обладминистрациясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелеринин менчик ээлери жана пайдалануучулары менен жерди пайдалануу боюнча республиканын мыйзамдарынын бир катар бузулушуна байланыштуу соттук териштирүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул жер тилкелери мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгында бошотулууда.

Жер тилкелеринин менчик ээлерине жана пайдалануучуларына ошол эле Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагынан башка жерлер дагы азыркы жер мыйзамдарынын чегинде сунушталууда.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер фондун инвентаризациялоо максатында жер мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: Тамчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>