Камчыбек Ташиев Жалал-Абад милициясына унаа берди

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад милициясына унаа берди

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад ОИИБге автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май «Улуу Жеңиш» күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат.

Бүгүн 3-майда улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды.

Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Айта кетсек Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.

Азыркы учурда улуттук көк бөрү оюну өтүп жаткан «Телтору» ат майданында коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>