Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга акча табылды

Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга акча табылды

Майлуу-Суудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча гранттык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-май күнү Өзбекстандын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучу Кеңешинин кезектеги жылдык отурумунда «КР Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардагы уран калдыктарын рекультивациялоо» долбоору боюнча 23 млн. евро каражат жумшала турган гранттык келишимге кол коюлду.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимге Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана аталган банктын Ядердик коопсуздук департаментинин директору Бальтазар Линдауэр кол коюшту.

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо» боюнча долбоор «Борбор Азиядагы жана Кыргыз Республикасындагы экологиялык калыбына келтирүү операциясын жүргүзүү» боюнча КР Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуусунда демилгеленген.

Долбоордун алкагында 16 уран калдыктарын зыянсыздандыруу, 4 уран калдыктарын сактаган жайды коопсуз жерге көчүрүү жана уран өндүргөн мурдагы ишкананын эски имараттарынын бузуп зыянсыздандыруу каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Майлы-Суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>