Жапаров бокста тарых жараткан спортчуну куттуктады

Жапаров бокста тарых жараткан спортчуну куттуктады

Кыргыз боксунда тарых жараткан спортчу Мунарбек Сейитбек уулун президент Садыр Жапаров анын жеңиши менен куттуктады.

Ал 12-майда Өзбекстанда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпиодугунда финалга чыгып, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилүү менен коло байгени коргоп калган. Муну менен ал кыргыз боксунда алгачкы жеңишти камсыздай алган.

Өлкө башчысы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу куттуктоосун жолдоду.

Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!

Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун.

Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык.

Мушкерибизге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалайм!” деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

Кыргыз спортчусу  57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1-майда 1/32 финалдык баскычтан старт алган. Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Сейитбек уулу 12-майда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды.

Бул салмак категориясынын жыйынтыктоочу протоколунда кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында биринчи болуп калат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>