Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун жаңы имараты ачылды

Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун жаңы имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздай турган заманбап борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттары түзүлгөн.

Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын белгиледи. Алардын ичинде улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир этүүчү жагдайлар да бар.

Президент баса белгилегендей, азыркы замандын мындай чакырыктарына каршы турууда өлкөбүздө активдүүлүк менен түзүлүп жаткан санариптик инфратүзүмдөрдүн жана кызматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу – абдан маанилүү маселелердин бири. Ушуга байланыштуу бүгүн УКМКнын маанилүү объектиси – Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылууда.

Садыр Жапаров учурда улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып, жарандардын заманбап электрондук кызматтарга жетишүүсүн  камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатканын эскертип өттү. Бул багыттар мамлекеттик өнүктүрүү программаларынын алкагында артыкчылыктуу багыттар деп эсептелип, аларды ишке ашыруу  Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө.

“Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деп белгиледи Президент жана бул иштин актуалдуулугу эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү динамикалык процесстерге, ошондой эле дүйнөдөгү аскердик-саясий окуялардын кесепеттерине байланыштуу экенин кошумчалады.

Мындан улам Мамлекет башчысы киберкоопсуздук чөйрөсүндө чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана өнөктөштөрдүн ийгиликтүү иш-аракеттерин эске алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.  Мамлекет тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тиешелүү иштердин инновациялык багыттарын ар тараптуу колдоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары мамлекет мындан ары да натыйжалуу иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат.

Ал мындай аракеттер өлкө коопсуздугуна таасир эте турган ички жана тышкы коркунучтарга өз убагында бөгөт коюуга жөндөмдүү болгон атайын кызматтын жаңы моделин түзүүгө бекем негиз болооруна ишенимин билдирди.

Андан соң Президент Садыр Жапаров УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун иши менен таанышып, иш бөлмөлөрүн жана кабинеттерин көрүп чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>