Ош: Энелеш бир тууган эжесин өлтүрүп салды  

Ош: Энелеш бир тууган эжесин өлтүрүп салды  

27 жаштагы маркум  Б кызы Б.ны энелеш бир тууганы 16 жаштагы К.И. өлтүрүп , кылмышын жашыруу үчүн асынып өлдү дедиртип асып койгон. Бул туурасында Ош облустук милиция билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 8-сентябрдан тогузуна  караган түнү Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы Б кызы Б., ошол эле айылга  караштуу  Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болуп калганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын тургуну 16 жаштагы К.И., кармалган. 11-сентябрь күнү Кара-Кулжа райондук тергөө кызматына өткөрүлүп,  убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.

16 жашар Кылмышка шектүү менен жабырлануучу атасы башка энеси бир бир туугандар болгон. Сөз талашып уруша кетип аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган

Азыр иш тергөөдө. Адам өлтүрүү фактысы менен иш козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>