Быйыл Нобель сыйлыгы өзгөчө тапшырылат

Быйыл Нобель сыйлыгы өзгөчө тапшырылат

COVID-19 илдетине байланыштуу быйыл да Нобель сыйлыгын бир жерге чогултуп алып тапшырылбайт, ким кайсы өлкөдө болсо, ошол жерден алат. Мындай чечимди аталган уюм кабыл алганын европалык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Негизи Нобель сыйлыгы физика, химия, медицина жана адабият тармагын боюнча берилет. Дайым Европанын Швеция өлкөсүнө салтанатту азем болуп турчу. Жугушту илдетке байланыштуу эки жылдан бери сыйлык ээлеринин үйүнө берип жатышат.

Буга чейин Норвегиянын Осло шаарында сыйлык тапшыруу аземи болот деп айтылган. Азырынча бул маселе чечиле элек.

Быйыл Нобел сыйлыгын тапшыруу жумалыгы 4-октябрда башталат. Бул күнү медицина боюнча илимий эмгектери каралат. 5-октябрда физика, 6-октябрда химия, 7-октябрда болсо адабияттагы ачылыштарга калыстар баа беришет. Ал эми 8-октябрь күнү сыйлык ээлери аныкталып, дүйнөгө таратылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>