ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Ички иштер министри отставкага кетеби? Жооп
08.04.2021 | 18:21
Ички иштер министри Улан Ниязбеков кызматтан кетпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда белгилүү болду.
Эл өкүлү Дастан Бекешев министрден моралдык жоопкерчиликти сезип, качан кызматтан кетүү тууралуу арыз жазаарын сурады.
Ниязалиев алгач ким күнөөлүү экендигин аныкташ керектигин айтты.
«Биз ар бир жаран үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Биз кызматкерлерибиздин жоопкерчилигин карашыбыз керек », – деди ал.
- 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданын машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
- 7-апрелде Аламүдүн районундагы талаадан койчу эркек кишинин жана аялдын денесин (Айзад) унаанын ичинен табышкан.
- ала качууга шектелгендердин экөө колго түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом