ИИМ Абдил Сегизбаев эмнеге суракка чакырылганын айтып берди

15.08.2022 | 11:44

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Жетим-Тоо боюнча жарыяланган эски видеокайрылуусу боюнча суракта болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган видео 2020-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында даярдалган.

“Абдил Сегизбаев интернетте тараган тасма 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагындагы видео экендигин билдирди. Андан кийин соцтүйүндөргө жана интернет булактарына эч кандай постторду же маалыматтарды жарыялабагандыгын айтып берди. Анын айткандары толугу менен текшерилди. Учурда тергөөгө тиешелүү иш-чаралар уланууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, ал 48 саатка камакка алынган.

Scroll to Top