Камакка алынган Ырыс Жекшеналиев апасына кат жолдоду

Камакка алынган Ырыс Жекшеналиев апасына кат жолдоду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялагандыгы үчүн камакка алынган «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев апасына кат жолдоду.

Жекшеналиев катында ага козголгон иш саясий негизде экенин жазган.

«Урматуу мени колдоп , мага сарсанаа тартып жаткан мекендештерим! Сиздердин колдоонуздарды сезип, күч-кубат алып турам! Мага козголгон кылмыш иши 100% саясий негизде! Мен сынбайм ! Мен чыгам!

Мама, мен көп нерсени Сизди ойлоп унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз, баары жакшы болот. Анткени эне балага чоң таасир этет. Мама! Мен сени жакшы көрөм!

Мен болгону 19 жаштамын. Бийлик, тапкан экенсиң оппонентти!!!», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, ал 48 саатка камакка алынган. Аны менен бирге Абдил Сегизбаев милицияга суракка кирип чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>