Атамбаевдин суракка келбегени боюнча кийинки чараны Тергөө кызматы аныктайт. Бул тууралуу Reporter.kg`ге ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.
“Эми кандай чара көүлөрү тууралуу бизде маалымат жок. Бизге Тергөө кызматы эмне маалымат берсе ошону гана расмий түрдө таратабыз”, — деди Аманкулова.
Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай турганын Super.kg порталына төмөндөгүчө түшүндүргөн.
“Суракка чакыруу анын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес. ИИМдин чакыруусу партиянын өкүлүнө тапшырылган”, — деген жактоочу.
Мурдагы президенттин 9-июлда суракка барышы керектиги жазылган чакырууну милиция кызматкерлери 8-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Ал эми Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суракка барбай турганын, аны суракка чакыруу мыйзамсыз экенин айткан.