ИИМ баңгизатты көзөмөлдөө боюнча ECECACD менен тыгыз кызматташат

ИИМ баңгизатты көзөмөлдөө боюнча ECECACD менен тыгыз кызматташат

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Чыгыш, Борбордук Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн баңгизат саясаты боюнча комиссиясынын (ECECACD) төрагасы Александр Квасневский башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Уланбек Султанов менен Александр Квасневский Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал боюнча маалымат алмашып, баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин талкуулашкан.

Жыйынтыгында тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө маселелери боюнча өз убагында маалымат, тажрыйба, укук колдонуу практикасын алмашуу үчүн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>