Баткенде техникалык көзөмөл пунктунун кызматкерлери айыпка жыгылды

Баткенде техникалык көзөмөл пунктунун кызматкерлери айыпка жыгылды

Баткенде техникалык көзөмөл пунктунун кызматкерлерине айып салынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 30-декабрында Лейлек районунун Кулунду айылында Кыргызстандын  И.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы, уруксаат берилген чектен ашып, 30 тонна минералдык жер семирткичтердин үрөөнүн жүктөп алган “Вольво FH” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын негизинде, жогорудагы транспорт каражаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык көзөмөл пунктунун (ТКП)  жооптуу кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя – Кулунду” каттамы боюнча жол берилген салмактык жүктөмдү ашыра аткаргандыгы үчүн техникалык салмактык көзөмөлгө алынбаганы аныкталган. Бул боюнча ТКПнын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 13-июнунда Кадамжай райондук сотунун өкүмү менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы ТКПнын кызмат адамдары Н.И., А.И., А.К., И.Э.уулу жана А.Н.  Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле, И.А. тарабынан жолдун катмарына келтирилген 96 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурган.

УКМК Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>