Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тыныбекова менен Жуманазарова күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тыныбекова менен Жуманазарова күрөшөт

Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч балбан кыз таймашка чыгат.

62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону атанууга аракет көрөт. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаандашы польшалык балбан кыз Александра Волчинска болот.

68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова 2021-жылдагы ийгилигин кайталап, экинчи ирет дүйнө чемпиону болуу үчүн таймашка чыгат. Жуманазарованын да биринчи беттеши 1/16 финалдан башталат. Анда ал перулук Янет Соверо менен күч сынашат.

Аталган эки балбан кыз бир гана дүйнө чемпиону болууга гана эмес, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алууга ат салышат.

Бүгүн таймашка чыга турган кыргызстандык балбан кыздардын катарында 72 салмакта күрөшкөн Нурзат Нуртаева бар. Нуртаева квалификациялык айлампада япониялык Моки Морикава менен беттешет.

Эскерте кетсек, бүгүн, ошондой эле, 76 кг салмакта Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн  күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Кыргызстан үчүн Париждеги Олимпиада оюндарына биринчи лицензияны алганын белгилей кетүү керек.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>