Милициянын 7 приоритеттүү багыты: Жалал-Абадда жыйындар өткөрүлдү

Милициянын 7 приоритеттүү багыты: Жалал-Абадда жыйындар өткөрүлдү

Жалал-Абад облустук милициясы ички иштер министринин 7 приоритеттүү багыт боюнча тапшырмаларын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, быйыл 3-февралда ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен милиция жетекчилерине 7 приоритеттүү багыт боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилген.

Биринчи багыт «Элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүп, коомдук коопсуздукду камсыздоого арналган – Милициянын көчмө кабылдамалары элдин кызматында иш жүргүзүп, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтүү» деп белгиленген.

Бул иш-чараларды уюштуруу максатында, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов, Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо Ассоциациясынын директору, ИИМдин Башкы штабынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыровдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад шаарында бүгүн, 2-мартта жыйындар өткөрүлгөн.

Күндүн башталышында Ноокенде жыйын өтүп, жыйынды райондук милициянын начальниги Алтынбек Мусаев сөз сүйлөп ачкан.

Жыйынга Ноокен районунун акиминин орун басары Зияда Юлдашева, Ноокен РИИБнин өздүк курамы, социалдык адистер, социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ИИОнун ардагерлери катышкан.

Андан соң Базар-Коргон РИИБнин начальниги Медербек Муратов, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Асель Сансызбаева, өздүк курам, мекеме-ишкана жана дин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйын өткөрүлгөн.

Күндүн экинчи жарымында Сузак районунда жыйын болуп, Сузак РИИБнин начальниги Арстанбек Усанов, өздүк курам, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ислам Маматсабиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

Жыйынтыктоочу жыйын Жалал-Абад шаарында болуп, ал ШИИБнин начальниги Болот Арзыгулов, өздүк курам, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары жана ардагерлердин катышуусунда өткөрүлгөн.

«Жыйындарда Шамшыбек Мамыров ички иштер министри тарабынан коюлган 7 приоритеттүү багыт боюнча катышуучуларга кенен айтып берди. Бул приоритеттүү багыттарды ишке ашырууда элдин милицияга болгон ишеними жогорулай тургандыгын белгиледи. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдама унаасын максаттуу пайдаланып, милиция кызматкерлерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүүгө чакырды», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми Таалай Алижанов ички иштер органдарында жүрүп жаткан санариптештирүү багытында сөз кылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук жайларга заманбап видеокамераларды коюп, түрдүү кырсыктардын алдын алууга үндөгөн.

Белгилей кетсек 28-февралда Токтогул районунда башталган жыйындар 3 күнгө созулду. Алгачкы күнү Токтогул районунда, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларында болсо, 1-мартта Ала-Бука, Аксы райондорунда, Майлуу-Суу шаарында уюштурулду. Бүгүн, 2-мартта Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда өткөрүлүп, Жалал-Абад шаарында жыйынтыкталды.

Милициянын жетекчилерине 7 багыт боюнча тапшырма берилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>