«Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынан 4 киши баш тартты

«Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынан 4 киши баш тартты

Сузак районунун 4 тургуну «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары, Кыргызстандын жарандары: 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С., экстремисттик идеологиядан элдин алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” ДЭКнын экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун КР аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>