ИИМ: Бишкек ШИИББдин жетекчиси менен бир катар кызматкерлер иштен алынды

ИИМ: Бишкек ШИИББдин жетекчиси менен бир катар кызматкерлер иштен алынды

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, 9-апрелде ИИМдин буйругу жарык көрдү.

Ага ылайык, Бишкек ШИИББнын жетекчиси милициянын полковниги Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э.Атантаев, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Н.Утемисов, Биринчи Май РИИБнын жетекчиси, милициянын полковниги А.Казакеев, Биринчи Май РИИБнын жетекчисинин ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И.Базаркулов, Биринчи Май РИИБнын жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К.Суранчиев, Биринчи Май РИИБнын жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А.Озубеков, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов жана Биринчи Май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми Бишкек ШИИББнын жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги М.Насировге, Бишкек ШИИББнын КККнын жетекчисинин орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун жетекчиси милициянын полковниги М.Буларкиевге, Бишкек ШИИББнын КМКнын жетекчисинин орун басары, ал эле бөлүм жетекчиси милициянын подполковниги У.Орозалиевге, ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын полкунун  командиринин орун басары милициянын капитаны У.Саргашкаевке, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору С.Байгазиновго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны М.Насирдиновго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги М.Карабаевге, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору М.Турумтаевге, Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын жетекчиси милициянын капитаны Н.Тургуналиевге, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын КМКнын жетекчиси милициянын подполковниги Э.Укубаевге, Биринчи Май РИИБнын КККнын жетекчисинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүгүнүн жетекчиси  милициянын подполковниги Э.Тыналиевге, Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары милициянын майору Т.Абдукагаровага, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Н.Емиловго, Биринчи Май РИИБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М.Бейшеналиевге, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Б.Торгоевге, Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Т.Саткинбаевге, Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты  Ч.Толомушовге, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендерге, Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултанга, Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Каримовго, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын жетекчиси милициянын майору  З.Эргешовго,  Биринчи Май РИИБнын ЖЖБнүн жетекчиси милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактиярга, Биринчи Май РИИБнын ЖӨИнын жетекчиси милициянын капитаны М.Адиловго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланган.

Ошондой эле Бишкек ШИИББнын КМКнын жетекчиси милициянын полковниги У.Айтбаевге, Бишкек ШИИББнын СКБнын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги А.Исмаиловго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору К.Малабаевге, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А.Тентиевге, “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган.

Мындан сырткары, Чүй ОИИББнын КККнын Нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч.Абыкеев,Чүй ОИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М.Уметалиев ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй ОИИББнын жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жетекчисинин орун басары милициянын полковниги А.Савыралиевге, Чүй ОИИББнын КККнын жетекчисинин орун басары, ошол эле нөөмөт бөлүмдүн жетекчиси милициянын полковниги Т.Анарбаевге, Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын майору М.Султаналиевге “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жана Чүй ОИИББнын жетекчисинин орун басары, ошол эле КККнын жетекчиси милициянын полковниги А.Ажыбаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 44 кызматкер тартип жазаларына тартылганы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>