ИИМ: Чүйдө абакка баңгизат ыргыткан эки жаран кармалды

ИИМ: Чүйдө абакка баңгизат ыргыткан эки жаран кармалды

Чүйдүн Москва районундагы абакка баңгизат ыргыткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен  билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз жарандар абактын аймагына скотч менен оролгон эки брикетти ыргытып кеткен. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, аталган зат каннабис чайыры (нашаа) болуп чыккан. Анын салмагы 454 граммды түзгөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Алексеевка айылынын 24 жаштагы А.Д. жана Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Соттун чечими менен 24 жаштагы А.Д.га карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери уланып, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>