«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкекте аял кишини карактоого шектүү кармалды
11.09.2023 | 14:55
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, милицияга Б.Н. аттуу аял киши кайрылып, 9-сентябрга караган түнү саат 00:50 чамасында белгисиз адам бычак менен коркутуп, 26,8 миң сомдук PocoХ3 телефонун тартып алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2005-жылы туулган К.Д., аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милициядан билдиришкендей, шектүүдөн каракталган телефон табылып алынган.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз