БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Чүйдө тергөөчү жаранды кылмыш жообуна тартам деп 50 миң сом талап кылган
18.07.2024 | 11:08
Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкери бир жаранды “уурулук” иши боюнча кылмыш жообуна тартам деп коркутуп, аны жабуу үчүн 50 миң сом пара талап кылган.
Бул факты боюнча 15-июлда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
17-июлда Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Э.М. иш бөлмөсүндө 30 миң сом пара алгандан кийин кармалган.
Учурда тергөөчү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
ИИМ милициянын катарын паракор, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо иштери уланып жатканын билдирди.