ИИМ экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

ИИМ экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

Ички иштер министрлиги өлкө аймагында экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтерден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-24-ноябрь күндөрү Баткен, Жалал-Абад облустарында, Ош шаарында «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык негиздери» аттуу темада окутуу семинарлары өткөрүлүдө. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция, УКМК кызматкерлери, билим берүү жана диний кызматкерлер катышууда.

Жыйындарда Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүу кызматынын  кызматкери М.Аманбаев “Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Азыркы учурда коомдого диний радикалдуу көз караштарга карта агартуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ролу”, “Интернет жана социалдык тармактарда таратылып жаткан ар түрдүү чагымчыл, элди бөлүп жарууга багыталган диндер аралык, улут аралык касташууларды жайылтып жаткан чакырыктардын алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун коомчулук менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды жасаган.

“Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан семинарда каралып жаткан темалар өтө актуалдуу темалар экендигине басым жасап, өтө зарыл болгон маалыматтарды алгандыктарын билдирүү менен өздөрүнүн суроолорун берүү аркылуу маалымат алмашуу,  сунуш-пикирлерин билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>