Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган ишкана ишке кирди

Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган ишкана ишке кирди

Баткендин Лейлек районунда курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан. Аны ачуу үчүн Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сом акчадан 5 млн сом жана Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 400 миң сом жумшалган.

Учурда керектүү жабдуулар орнотулуп, ишканада пескоблок, брусчатка, шакектер (кольцо), суу ноолору, электр мамычалар чыгарылууда. Бул ишкана Ак-Суу суусунун жээгинде жайгашкандыктан, жумушчулар керектүү кум-шагылды аталган дарыядан алып колдонот.

Ишканада 8 киши иштейт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>