Бишкекте кармалган Жеңиш Разаков кайсы кызматтарды ээлеген?

Бишкекте кармалган Жеңиш Разаков кайсы кызматтарды ээлеген?

Бүгүн, 25-январда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ИИМ тарабынан кармалганы маалымдалды.

Маалыматка караганда, ал алдамчылыкка шектелүүдө.

Reporter.kg Жеңиш Разаковдун өмүр баянына токтолот.

Жеңиш Разаков 1967-жылдын 19-мартында Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Эмгек жолун ички иштер органдарынан баштаган.

Билими жогору. 1990-жылы маршал Дмитрий Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КР ИИМинин Республикалык окуу борборун бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен (сырттан окуу бөлүмү) билим алган.

Эмгек жолу:

— 1996-жылы — ички иштер органдарына жумушка кирген;

— 2000-жылы — Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Кийинчерээк жетекчилик кызматка көтөрүлгөн.

— 2011-жылга чейин Баткен РИИБинин Тогузунчу бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

— 2011-2012-жылдары  — Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

— 2012-2016-жылдары  — Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчиси;

— 2016-2017-жылдары  — КРдин вице-премьер-министри;

— 2017-жыл, август-октябрь — КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы;

— 26.10.2017 — 20.04.2018 — КР президентинин кеңешчиси;

— 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР вице-премьер-министри;

— 2020-жылдын 11-февралында вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.

Милициянын полковниги. «Даңк» медалы менен сыйланган.

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков кармалды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>