ИИМ казакстандык кесиптештерине 50 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

ИИМ казакстандык кесиптештерине 50 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандагы суу ташкынына байланыштуу боордош өлкөнүн полиция кызматкерлерине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жардам катары 50 тоннадан ашык жүк жөнөтүлдү. Анын ичинде биринчи керектелүүчү буюмдар, дары-дармектер, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатырлар, матрацтар, тамак-аш, жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», — деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандагы суу ташкынына байланыштуу өлкө атынан коңшу мамлекетке 444 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>