Кутурма өлүмгө алып келет: жаныбар тиштеп алгандан кийин эмне кылуу керек — дарыгерлердин кеңештериБШК бир нече жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргызстандыктар үчүн Улуу Британиядагы сезондук жумуштар: каттоо 17-августта башталат«Бул аялзатынын күчү тууралуу»: Виктор Цой бийик тоолуу KYZ POWER муралы жөнүндөБишкектин көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 168 көрнөк-жарнак алындыЖыл башынан бери Ысык-Көлдөн 24 миң метрден ашык тор, 650 кг таштанды чыгарылды
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
13.08.2019 | 15:55
Журналист, жарандык активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
“Маалымат каражаттарында Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айтикеев 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары каралат”, – деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин бир катар басымалар Мирбек Айтикевдин жакындарына таянуу менен анын Биринчи май райондук соту тарабынан 10-октябрга чейин камалганын жазып чыгышкан. Ал эми райондук соттун маалымат кызматы муну четке каккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат