Караколдогу Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды

01.07.2026 | 14:26
Караколдогу Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоо иштери соңуна чыгып калды — Новости Кыргызстана

КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол шаарындагы 100 жылдан ашуун тарыхы бар Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери аяктап жатат.

Маалыматка ылайык, министрликтин жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Караколдогу Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты.

Басма сөз кызматы тактагандай, сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 12 аттракциондун, административдик имараттын жана башка негизги объектилердин курулушу аяктады. Ошондой эле аттракциондорду ишке киргизүүгө даярдоо иштери соңуна чыгууда.

Муну менен катар аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда: газон төшөлүп, автоматтык түрдө сугаруу системасы орнотулуп, ошондой эле жөө адамдар жана велосипед тебүүчүлөр үчүн жолчолор салынып жатат.

Долбоордо заманбап фонтан, спорттук аянтчалар, амфитеатр, кафетерий жана келүүчүлөрдүн эс алуусу үчүн башка инфраструктуралар каралган.

Сейил бакты реконструкциялоо иштери Курулуш министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууда.

Scroll to Top