ИИМ: Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68,6 кг баңгизат алынды

ИИМ: Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68,6 кг баңгизат алынды

Кыргызстанда 11-15-сентябрда жүргүзүлгөн операция учурунда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган операцияга 2 миң 240 укук коргоо кызматкери (ички иштер, коопсуздук органдары, чек ара жана бажы кызматтары) тартылган.

Операциянын жүрүшүндө өлкө аймагында 24 баңгикылмышы катталып, алар боюнча 26 адам кармалган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 кг 640 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттардын бардык түрлөрү алынган: 32 кг 210 грамм нашаа, 31 кг 340 грамм марихуана, 4 кг  247 грамм синтетикалык баңгизаттар (альфа PVP, мефедрон, MDMA).

«Операциянын жүрүшүндө баңгикылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 2 адам кармалып, 5 ок атуучу курал алынган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин белгилешкендей, операция учурунда дрондор колдонулуп, анын жардамы менен Баткенде баңгитобунун ишине бөгөт коюлган. Баңгитоптун активдүү мүчөсү 2 кг 105 грамм «нашаа» менен колго түшүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>