Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Икромжон Хажимурадов күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Икромжон Хажимурадов күрөшөт

Бүгүн, 18-сентябрда Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча балбан Икромжон Хажимурадов күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Икромжон Хажимурадов күрөшкөн 65 кг салмак олимпиадалык болуп саналгандыктан, Хажимурадов бир гана дүйнө чемпиону болуу үчүн эмес, Олимпиадага жолдомо алууга да ат салышат.

Икромжондун алгачкы атаандашы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан россиялык балбан болот. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Эскерте кетсек, бул дүйнө чемпионатында ар бир салмак боюнча 5 балбанга Олимпиадага лицензия берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Видео: Тайырбек Жумашбек уулу дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>