ИИМ: Новосибирсктеги массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду
8.10.2019 16:39
Новосибирск шаарындагы базарда чыккан калайман мушташ боюнча Орусиянын Жазык кодексинин “Бейбаштык” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядагы өкүлчүлүккө таянып маалымат тартты.
Маалыматка караганда, 25 адам суракка алынып анданс соң коё берилиишкен.. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылган.
Ошондой эле окуя болгон жайдын айланасындагы видеокамералардын видеолору, автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынуу менен кылмыш ишинин материалына бекитилген.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү амалдары өтүп жатканы айтылат.
Белгилей кетсек, Новосибирск шаарындагы уруш 7-октябрь күнү болгон. Кеминде мушташка 200гө жакын адм катышкан. Арасында Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары бар.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.