ИИМ Сауд Арабиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыктар

ИИМ Сауд Арабиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыктар

ИИМдин Борбордук аппаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль Радининин жолугушуусу болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда министр Сауд Арабия Королдугу менен болгон мамилени жогору баалай турганын жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга болгон даярдыгын билдирди.

Ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, анын ичинде киберкылмыштуулук, баңги заттар жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында натыйжалуу эл аралык өнөктөштүктү курууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

“Сауд Арабия Королдугунун полициясы бай тажрыйбага жана укук коргоо иштеринде колдонулган эң мыкты инновациялык технологияларга ээ экенин эске алып, биз сиздердин мыкты тажрыйбаңызды үйрөнүүгө болгон кызыгуубузду билдиребиз. Ошондой эле биз Сауд Арабия Королдугунун бирдиктүү ыкчам коопсуздук борборунун (911) иш тажрыйбасын үйрөнүүгө дилгирбиз», — деди министр.

Тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия Королдугунун ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча олуттуу маселелерди талкууга алышты.

Жолугушуунун соңунда эки мамлекеттин өкүлдөрү коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү максатында туруктуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>