ИИМ согуштун ардагерлерин куттуктады

ИИМ согуштун ардагерлерин куттуктады

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгын майрамдоонун алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов согуштун ардагерлери Асек Урмамбетов менен Туркенакун Бейшенбаев, ошондой эле оруктун ардагери Чоюнбек Сагынбаевден кабар алып, майрамы менен куттуктаган.

ИИМдин жетекчилиги ардагерлерди келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, жеңиш үчүн жалпы салымдарын кошуп, фашизмди жеңүүгө түрткү берген оруктагы адамдардын дагы талыкпас эмгектерин баса белгилеген.

Өз кезегинде, оруктун ардагери Чоюнбек Сагынбаев согуштун оор күндөрүн, өзүнүн өмүр таржымалын эскерип, сүрөттөрүн көрсөтүп, насаатын айткан. Ал согуш убагында өспүрүм болуп, орукта кары-картаңдар, аялдар менен бирге иштеп, кийин узак жылдар бою ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген.

«Чоюнбек Сагынбаев согуш башталган жылы он жашта болгон. Согуштан кийин ал милициянын жогорку мектебинде окуган. Ал ишин аймактык инспектордон баштап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген. Азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуштун жеңүүчүлөрүнүн көбүнүн көзү өткөн. Бүгүнкү күнү ардагерлер өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Оруктун эмгекчилери менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жубайлары милицияларды көңүл буруп куттуктап келгенине ыраазычылыктарын билдирип, Мекенге болгон кызматтарына ийгиликтерди каалашты», — деп айтылат маалыматта.

Ардагерлерге Ички иштер министрлигинин атынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.

«Учурда, ушундай иш-чаралар республиканын бардык аймактарында өтүп, ИИОнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, оруктун эмгекчилерин куттукташууда», — деп билдирет министрлик

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>