50 миң $ опузалоого шектелген блогердин кармалган видеосу

50 миң $ опузалоого шектелген блогердин кармалган видеосу

Ички иштер министрлиги пара опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Бекмуратов боюнча кошумча маалымат берди.

Эскерте кетсек, 2-майда блогер Улан Бекмуратов 76 жаштагы жарандан акча опузалогоо шектелип кармалган. Милиция билдиргендей, апрель айынан бери блогер аталган жаран тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарыялай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылып келген. Ал 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде аталган жаран милицияга кайрылган.

2-майда ал 2,7 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган. 4-майда блогер эки айга камакка алынган.

ИИМдин акыркы берген маалыматы боюнча, блогер арыз жазган адамдан 40 миң доллар эмес, 50 миң доллар опузалап, анын 40 миң долларын алган.

«У.Б. аттуу жаран өзүнүн материалдарын социалдык тармактарга активдүү жайгаштырып жүргөндүгү менен белгилүү. Буга чейин ишкерлер бул блогерге авто унаа белек кылышкан, балким аны коррупция менен чынчыл күрөшчү деп эсептешкенби же оройлугу, текебердиги үчүн сыйлашканбы белгисиз. (Бирок көпчүлүккө ал оройлугу жана текебердиги менен таанымал).

Алынган маалыматтарга караганда, апрель айынан бери блогер улгайган кишиге үзгүлтүксүз жолугуп, баарын видеого тартып, аны жаманатты кылам деп коркута баштаган. Кийин аталган блогер, арыздануучудан 50 миң доллар опузалай баштаган. Ал жалпысынан 40 миң доллар алып койгон. Үч жолу акча каражатын доолап келип, акчаны бөлүп алып кеткен», — деп билдирет министрлик.

Видео: 40 миң $ пара менен кармалган блогер тууралуу эмне белгилүү?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>