ИИМ Сыргак Айткурмановдун жакындарына көңүл айтты

ИИМ Сыргак Айткурмановдун жакындарына көңүл айтты

ИИМдин Тергөө кызматынын мурдагы начальниги Сыргак Айткурмановдун күтүүсүздөн улам каза болгондугун Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери терең кайгыруу менен кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы, милициянын полковниги Сыргак Айткурмановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготууну тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Ал кесиптештеринин эсинде жоопкерчиликтүү, ак ниет, кесипкөй жетекчи катары эсте калат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>