Бишкек: Борбордук аянтты кооздоого 5 млн сомдон ашык каражат сарпталууда

Бишкек: Борбордук аянтты кооздоого 5 млн сомдон ашык каражат сарпталууда

Бишкек шаарынын мэриясы өлкөнүн башкы аянтын жаңы жылдык жасалгалоого шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын сарпталышына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоого 5 миллион 687 миң 500 сомго тендер өткөргөнү тууралуу маалымат тараган.

Муниципалитет бул суммага майрамдын башкы символу – 25 метрлик балатыны жасалгалоого гана эмес, бүтүндөй Ала-Тоо аянтын жасалгалоого кеткен чыгымдар камтылганын түшүндүрдү.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылы сатылып алынган жасалгалоочу материалдардын калдыктарын гана колдонуу бир топ көйгөйлүү.

Ал эми шаардыктар бюджеттен бөлүнгөн каражаттар өз максатына жумшалаарынан күмөн санабашы үчүн мэрия бардык жарандык активисттерди жана блогерлерди Жаңы жылдык майрамды даярдоо жана майрамдоо боюнча шаардык штабдын жыйынына катышууга чакырат.

«Жаңы жылдык маанайды балатысыз жана башка өзгөчө жасалгаларсыз элестетүү мүмкүн эмес, шаардыктар майрамдык маанайды күтүп жатышат, ал эми мэрия аны тартуулоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», — деп жазат басма сөз кызматы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>