ИИМдин делегациясы Кытайда иш сапар менен болду (сүрөт)

ИИМдин делегациясы Кытайда иш сапар менен болду (сүрөт)

ИИМдин делегациясы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Кытайга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган ИИМдин делегациясы Кытайга Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен барган. Иш сапар 19- 23-июнь күндөрү болуп  өткөн.

«Иш сапардын негизги максаты — ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө, Кытай полициясынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жаңы жетишкендиктерин изилдөө, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен полициянын иши менен таанышуу, диний экстремизмге каршы күрөшүү ыкмаларын изилдөө, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү ыкмалары менен таанышуу, коомдук тартипти сактоону уюштуруу, массалык башаламандыктарда полициянын аракеттери жана колдонулган ыкмалары жана каражаттары менен таанышуу болду», — деп билдирет ИИМ.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап ИИМ менен Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлерин өз ара окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөнү сунуштаган.

«Сапардын алкагында Коомдук коопсуздук департаментинин Үрүмчү шаарындагы Командалык борбору жана Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Антитеррор борборунун иши менен таанышты. Мындан тышкары, кытай тарап атайын багыттагы отряддын, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтардын (Аатайын багыттагы полктун аналогу) даярдыгын жана ишин жана алардын массалык башаламандыкка аракеттерин көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын жыйынтыгында ИИМ менен СУАРдын Коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө жөнүндө макулдашылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>