Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымы берилет

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымы берилет

Бүгүн, 27-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

Мындан тышкары,  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аты жок мөңгүгө “Падыша Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда  Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылганын билдирген.

Эрбол Султанбаев маалымдагандай, Садыр Жапаров Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>