ИИМдин коллегиялык отурумунда 4 жетекчи кызматынан бошотулду

ИИМдин коллегиялык отурумунда 4 жетекчи кызматынан бошотулду

Ички иштер министрлигинин 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн жылдын жыйынтыгы менен жалпы 285 кызматкерге, анын ичинен 68 жетекчи курамдагы жооптуу кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген.

«Андан сырткары, бүгүнкү коллегиянын чечими менен 37 жетекчиге тартиптик жазалар берилди, анын ичинен 4 жетекчи ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бир топ жетекчи кызматкерлер мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү биринчи чейректин жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>