ИИМдин кызматкерлери өкмөт тарабынан сыйланды (сүрөт)

ИИМдин кызматкерлери өкмөт тарабынан сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 26-сентябрда министрлер кабинетинде кесиптик ишмердигиндеги орчундуу жетишкендиктери менен айырмаланган жарандарды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев өз ишинде ийгилик жараткан жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш баракчасын тапшырган.

Өз сөзүндө Жунушалиев чогулгандарды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, бул сыйлыктарга республиканын билим берүү, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ички иштер, авиация, айыл чарба жана эл аралык иштер тармагындагы көрүнүктүү атуулдар татыганын белгилеген.

Сыйлык алган жарандардын катарында ИИМдин кызматкерлери да бар.

Ардак грамота менен сыйлангандар:

  • милициянын отставкадагы полковниги Сеитов Бактыбек Абдылашымович, ички иштер министринин коомдук кеңешчиси;
  • милициянын майору Аширбаев Чолпон Таживаевич, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • милициянын капитаны Сайпиев Илгизбек Султанбаевич, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн каракчылык менен кол салуунун жана опузалоонун бетин ачуу боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы.

Министрлер кабинетинин алкыш баракчасын алгандар:

  • милициянын подполковниги Калыбаев Нармырза Нарбекович, ИИМдин Басма сөз кызматынын бөлүм башчысы;
  • милициянын подполковниги Копытина Анна Сергеевна, ИИМдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү;
  • милициянын капитаны Мусаев Адилет Мусаевич, ИИМдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү;
  • милициянын улук лейтенанты Шаршеева Адинай Жаныбаевна, ИИМдин Басма сөз кызматынын тескөөчүсү;
  • милициянын подполковниги Каравай Святослав Александрович, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Экинчи башкармалыгынын жогорку технологияларды колдонуу менен кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү;
  • милициянын майору Акматов Рысали Султаналиевич, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын  Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>