УКМКнын кызматкерин өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

УКМКнын кызматкерин өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

Бишкектин Жал кичи районунда УКМК кызматкерин өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн бөгөт чарасы Ленин райондук сотунда каралып, ал эки айга камакка алынган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, 28-июлда болжол менен саат 21:40та «102» кызматына Жал кичи районунда тез жардам келгенге чейин аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон аял 40 жаштагы Ш.М. экени аныкталган. Кароо учурунда анын денесинен ур-соккунун издери табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 32 жаштагы Р.Э. аттуу жаран кармалган. Милициядан билдиришкендей, шектүү ИИМ кызматкери эмес.

Иликтөө иштери уланууда.

Белгилүү болгондой, маркум УКМКнын кызматкери болгон.

Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>