ИИМдин Күзөт кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү
ИИМдин Күзөт кызматы кирип келе жаткан 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
“Жаңы 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу, Ички иштер министрлиги тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө максатында өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу стратегиялык мекеме-чарбалар жана административдик имараттарга өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы республика боюнча 3 миңден ашуун кызматкер коопсуздукту камсыздайт.
[image_carousel source=”media: 171369,171368,171367″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз