Тармактык комитет К.Иманалиевдин министр болушун жактырды

Тармактык комитет К.Иманалиевдин министр болушун жактырды

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карап, жактырышты.

Мамлекет башчысынын сунушун президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов окуп берди.

Иманалиев Кыргызстандын билим берүү тармагындагы чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөрдү белгиледи.

«Өлкөдө 600 миңден ашык бала бакчага барбайт. ЖОЖдорго караганда бала бакчаларга жумшаган жакшы. Кошумчалай кетсек, орто билим берүүнүн деңгээли эл аралык стандарттан 60% төмөн. Алар окуганды, жазганды, санаганды билишет, бирок турмушта колдоно алышпайт. Кесиптик-техникалык окуу жайларына 2 миллиард сом сарпталат, бирок студенттердин 15%ы гана адистиги боюнча иштешет. Өлкөдөгү 73 университеттин ичинен бир дагы университет киберкоопсуздук, нейропсихология, виртуалдык реалдуулук дизайнери сыяктуу 10 популярдуу адистик боюнча адистерди даярдабайт», — деди Иманалиев.

Депутаттардын бир катар суроолоруна жооп бергенден кийин комитеттин мүчөлөрү Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>