Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Индира Жолдубаева Батукаевдин иши боюнча кармалдыбы? ИИМдин жообу
22.08.2019 | 12:18
Биринчи май райондук соту Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын баш коргоо чарасын аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрилигин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, 20-август күнү мурдагы башкы прокурордун Батукаевдин иши боюнча коррупцияга шектелип жаткандыгы тууралуу сотко билдирме жиберилген.
Биринчи май райондук соту ишти карап, Жолдубаеваны үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарган.
Белгилей кетсек, Индира Жолдубаева кримтөбөл Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан бошотулган убакта Президенттик аппаратын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат