Индиялык компания «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтотту

Индиялык компания «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтотту

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда болгон балдардын өлүмүнө байланыштуу «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтотту.

Анын алдында Индиянын Дары каражаттарынын стандартын көзөмөлдөө боюнча улуттук уюму Делиге жакын жерде жайгашкан компаниянын заводун текшерүүгө алганын жана Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышта экенин маалымдаган.

Өзбекстанда аталган дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. «Док-1 Макс» дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

«Док-1 Макс» таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>