Кытай UnionPay системасы орусиялык карталарга чектөө киргизди

Кытай UnionPay системасы орусиялык карталарга чектөө киргизди

Кытайдын UnionPay төлөм системасы россиялык банктар чыгарган карталардан чет өлкөдө накталай акча алууга чектөө киргизди.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, чектөөлөр күнүнө 50 миң юань же жылына 500 миң юань же башка валютадагы эквивалентте белгиленген.

Эске салсак, марттын башында эл аралык Visa жана MasterCard төлөм системалары Орусияда ишин токтоткон. Мунун фонунда россиялыктар UnionPay карталарына суроо-талапты көбөйтүштү. Коммерсанттын маалыматына караганда, 3-октябрдан тарта Финляндиядагы банкоматтар UnionPay картасын тейлөөнү токтотушкан. Андан соң 5-октябрда Орусия банктарынын UnionPay карталары Испания, Чехия жана Кипрде кабыл алынбай калганы белгилүү болду.

«Ведомостинин» маалыматы боюнча, кытайлык UnionPay ээлери орусиялыктардын 2% түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Тэги: UnionPay

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>