Instagram’да Жээнбековдун дарегине акарат сөз жазган жаранга өкүм чыкты

Instagram’да Жээнбековдун дарегине акарат сөз жазган жаранга өкүм чыкты

Instagram’да мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана түштүк аймактын тургундарынын дарегине акарат келтирген комментарий жазган жаранга 100 миң сом айып пул салынды. Бул тууралу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, 2020-жылы апрель айында У.Н. (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран ММКлардын биринин Instagram’га чыккан «Президент Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда өзгөчө кырдаалды 10-майга чейин узартуу чечимин кабыл алды» аттуу жаңылыгына Жээнбеков жана түштүк аймактын тургундарынын дарегине акарат сөз жазган.

Аталган иш алгач Биринчи май райондук сотунда каралып, 2022-жылдын 19-январында сот аны этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга күнөөлүү деп тапкан жана 100 миң сом айып пул салган. Андан кийин ишти караган Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Былтыр 28-ноябрда иш Жогорку сотто каралып, мурдагы өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>