Мурдагы сүйлөшкөн кызын шантаж кылган кыргызстандык кармалды

Мурдагы сүйлөшкөн кызын шантаж кылган кыргызстандык кармалды

Москвада мурдагы сүйлөшкөн кызынын интимдик сүрөттөрүн жарыялайм деп акча опузалаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 21 жаштагы жараны (кыз киши) кайрылып, мурдагы сүйлөшкөн жигити анын жеке мүнөздөгү сүрөттөрүн коомчулукка чыгарам деп коркутуп, акча опузалап жүргөнүн билдирген.

«Анын айтымында, мурунку жигити жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн. Көрсө, ал кыз 2022-жылдын ноябрынан баштап сүрөттөрү ачыкка чыгып кетишинен коркуп, көп убакыттан бери акча каражатын которуп турган. Ал эми опуза талап кылган адам 5 ай бою акча каражатын айлык катары тынымсыз алып келген. Акыры кыз мындай опуза талапка чыдабай, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган», — деп билдирет министрлик.

28-апрелде шектүү катары 22 жаштагы Д.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү опузалоо жолу менен 66 миң рубль алган.

Учурда, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Москва

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>