Бишкекте ишембиликке чыкпаган 38 мекемеге айып салынат. Тизме

Бишкекте ишембиликке чыкпаган 38 мекемеге айып салынат. Тизме

Бишкек шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоонун бир айлыгы аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишембиликке чыкпаган кээ бир уюмдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чарба жүргүзүүчү субъектилердин айланасында тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.  Бул берене 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салууга алып келет.

Муниципалдык инспекциясынын маалыматы боюнча, 38 шаардык мекеме ишембиликке чыккан эмес:

— «Түндүк» темир жол бажысы;

—  Улуттук илимдер академиясы;

— Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы;

— Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы;

— Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультети;

— Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму;

— № 100 кесиптик лицей;

— № 2 клиникалык шаардык төрөт үйү;

— Клиникалык тез жардам ооруканасы;

— “Октябрь” кинотеатры;

— «Бишкек троллейбус башкармалыгы» Муниципалдык ишкана;

— “Берекет Универсал” базары;

— “Уста” базары;

— “Баткен комфорт” базары;

— “Жумушчу” базары;

— “Пишпек” базары;

— “Элиткурулуш” базары;

— “Дордой-Моторс” базары;

— “Ош базары” Соода базар комплекси;

— “Берекет Гранд” Соода борбору;

— “Берекет” Жабык акционердик коом;

— «Бишкек ун комбинаты» Ачык акционердик коом;

—  “Толубай” Акционердик коммерциялык банк ЖАК;

— Улуттук телерадиоберүү корпорациясы;

— Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгы;

— Финансы министрлигинин Ленин атындагы финансы башкармасы;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;

— «Кыргызстан элдеринин ассамблеясы» коомдук бирикмелердин ассоциациясы;

— «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК;

— Бишкек шаардык телефон станциясы (БШТС);

— Бишкек шаардык мамлекеттик архиви;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «161» куткаруу кызматы;

— «Кыргызстан Халык Банкы» ААК;

— Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаменти;

— “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасынын долбоорло изилдөө институту”;

— Инновациялык технологиялык эл аралык университети;

— Эл аралык медицина университетинин Чыгыш кампус илимий өндүрүш комплекси;

— Эл аралык медицина университети.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>