Ирандагы теракттан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Ирандагы теракттан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Ирандын түштүк-чыгышында генерал Касем Сулейманини эскерүү зыйнаты учурунда болгон  теракттан курман болгон адамдардын саны 103 адамга жетти. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 188 адам жабыркап, алардын көбүнүн абалы оор. Буга чейин ирандык маалымат каражаттары жардыруулардан 73 адам каза болуп, 170тей адам жарадар болгонун жазган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жардыруулар аралыктан жасалган: Керман шаарындагы көрүстөндүн кире беришине жакын жерде жардыргыч заттар салынган эки баштык болгон.

2020-жылдын 3-январында ирандык генерал Касем Сулеймани АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун аймагындагы операциясынын натыйжасында өлтүрүлгөн. Вашингтондо алар 2019-жылдын 31-декабрында Багдаддагы Америка элчилигине кол салууну уюштурууга катышы бар деп эсептелет. Буга жооп кылып, Иран Ирактагы америкалык базаларга, анын ичинде Айн ал-Асадга сокку урган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>