Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Ирандын түштүк-чыгышында генерал Касем Сулейманини эскерүү зыйнаты учурунда болгон  теракттан курман болгон адамдардын саны 100дөн ашты. адамга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, 188 адам жабыркап, алардын көбүнүн абалы оор. Буга чейин ирандык маалымат каражаттары жардыруулардан 73 адам каза болуп, 170тей адам жарадар болгонун жазган.

Ирандагы теракттан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>