Исаев: Аида Исмаилова министрликтин атын туура айталбайсыз, кантип министр болосуз

Исаев: Аида Исмаилова министрликтин атын туура айталбайсыз, кантип министр болосуз

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талапкерлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине каралып жаткан Аида Исмаилова депутаттардын сын-пикирине кабылды.

Исмаиловага суроо берген депутаттардын көпчүлүгү вице-премьер-министр болуп турганда начар иштегенин айтып сынга алышты. 

Алардын катарында төрага Канат Исаев да Аида Исмаилованын суроолорго так жооп бере албай жатканын айтты.

“Сиз алты ай иштепсиз вице-премьер болуп. Кызматка дайындалып жатканда, жок дегенде министрдин орун басары болуп иштеген адам барсын депайттык эле.  Биздин айтканыбыз мына туура чыгып жатат. Социалдык өнүгүү жана коргоо деп жатасыз министрликтин атын, бул орусчасоциальное развитие и оборона деп которулат же бюджетин билбесеңиз. Коронавирустан өлгөндөрдү башка ооруудан өлдү деп статистиканы азайтуу үчүн жазылганы тууралуу так маалыматтар бар менде. Ошол учурда сиз иштеген өкмөттүн айынан канча адам өлдү. Ошол учурда аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды да карап койбопсуз. Кантип министр болосуз?! Сиздин депуттардын суроолоруна жооп бергенинизди көрүп жыйынтык чыгардым сизге министр болгонго али эрте экен”, – деди Исаев.

Аида Исмаилова 2015-жылы “Республика – Ата – Журт” фракциясынан депутат болуп келген.  2020-жылы 1-апрелден бери вице-премьер-министр болуп иштеп келе жаткан.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине талапкерлиги сунушталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>